Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

ТАЖИКСТАНДЫН УЛАМАЛАР КЕҢЕШИ АЯЛДАРДЫ ЖУМА НАМАЗГА КИРГИЗБЕЙТ


Август айында Тажикстандагы эң жогорку диний кеңеш - уламалар кеңеши аялдардын жума намазды мечитке барып окушуна тыйуу салган эле. Кеңештин чечими көпчүлүк мусулмандарга жага бербеди. Алардын пикиринде, уламалар кеңешинин фатвасы- сунни мусулмандар арасында калыптанган диний үрп-адаттарга жана Тажикстандын конституциясына каршы келет.

Түркабад кыштагы Тажикстандын байтакты Дүйшөмбүдөн 30 чакырым чыгышта. Буердеги Абдукарим Калпа атындагы мечит эки кабаттуу. Анын үстүнкү кабаты аялдарга бөлүнгөн. Дүйшөмбүлүк Зебунисо Кахорзод ар жума күнү жаамы намазын окуш үчүн Түркабадга келет:

-Биз мечитке намаз окуганы эле барбайбыз. Аял жана ата-эне катары күнүмдүк тиричилигибизде, ошондой эле балдарыбызды өстүрүүдө ар кандай түйшүктөрүбүз бар. Биз өз балдарыбыз үчүн апа дагы, ата дагыбыз. Биз буерге: “Балдарыбызы кантип тарбиялайбыз? Күйөөлөрүбүз менен кандай мамиле күтүшүбүз керек? Жашообузду кантип жакшыртабыз?” деген суроолорго жооп издеп келебиз.

Зебнисо айымдын күйөөсү көпчүлүк жергиликтүү эркектер сыңары Россияга иштегени кеткен. Ошондуктан төрт баланын таалим-тарбиясы 40тын кырындагы аялдын мойнунда.

Зебунисо жана башка аялдар Түркабадга жума намазга качанга чейин каттайт белгисиз. Август айында, өлкөнүн уламалар кеңеши мечиттеги аялдар эркектердин көңүлүн намаздан алагды кылат деген жүйө менен, алардын мечитке намазга баруусуна тыйуу салган фатва кабыл алган. Ошондон бери Абукарим Калпа атындагы мечитти милиция кайтарчу болгон. Мечиттин имамдары фатваны колдошпогондуктан аялдар жума намазды мечитте окушат.

Уламалар кеңешинин мүчөсү Курбан ажы Шарифзада аялдардын мечитте намаз окушуна тыйуу салган фатваны коргоп, мындай дейт:

–Уламалар кеңеши менен муфтий кабыл алган чечим жаңылык эмес. Ал негизи Мухаммед пайгамбардан жана өзүбүздүн суннилердин үрп- адаттарынан башат алат. Биздин диний канондорубузга ылайык, аялдар узак убакыт коротуп, мечитке барбай эле, үйдө намаз окушканы жөндүү. Муну аялдар түшүнүшү шарт.

Тажикстандын көрүнүктүү молдо-аалымдары кирген кеңеш береги фатваны узак талаш-тартыштан кийин бекитти. Өкмөт алдындагы Аялдар иши боюнча комитеттин башчысы Ракыя Курбанова уламар кеңешинин бу чечимин колдоп чыкты.

Түрабад мечитинин имам-хатиби Амир Абас Бобоназар Конституция эркек жана аял намазгөйлөрдүн укугуна тегиз кепил өткөндүктөн, уламалар кеңешинин чечими келечекте коомго чоң зыян алып келет деп санайт:

-Аялдар мечитке аптасына бир ирет жума намаз окуйбуз деп эле келишпейт. Алар мечитти адеп-ахлак жана жакшы ибадаттарды үйрөнчү жай деп келишет. Мындан бүтүндөй коомго пайда. Себеби, биздин келечек муунду тарбиялоонун жоопкерчилиги аялдардын мойнунда. Аялдар казино сыяктуу кумар ойноочу жайга, дискотекага жана башка шектүү жайларга барса макул деп, бирок эмне үчүн аларды мечитке киргизбешибиз керек. Мен мындай чечимдин маңызын түшүнбөйм.

Өкмөттүн курамындагы Ислам кайра жаралуу партиясы уламалар кеңешинин фатвасын “орто кылымдык түшүнүктүн саркындысы” катары сындады. Фатва, ислам партиясынын пикиринде, мусулман келин-кыздарды “Хизб-ут Тахрир” сыяктуу партиялардын катарына түртөт.

Чыгыш Европа менен мурдакы советтик республикалардагы диний эркиндик маселесин чагылдырган “Форум 18” маалымат кызматынын редактору Феликс Корлей бул талашта Ислам кайра жаралуу партиясынын жарандардын конституциялык укугун коргоп чыкканына көңүл бурат:

-Эң кызыгы, бул карама-каршылыктуу чечимди мурдакы оппозициянын өзөгүн түзгөн Ислам кайра жаралуу партиясынын жактырбай четке какканы. Алар чечим бардык жарандарга бирдей укук берген Конституцияга жана Тажикстандын мыйзамдарына каршы деп билишкен. Ошон үчүн өкмөттү ага каршы мыйзамдуу чара көрүүнү сурашты.

Кээ бир байкоочулардын айтымында, тажик аялдарынын жаамы намазга катышуусуна тыйуу салган фатва ири саясый маселеге айланып кетиши да ыктымал.
XS
SM
MD
LG