Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

«Адилет шайлоо үчүн» биримдиктин жетекчилиги «Кыргызстан элдик кыймылына» өттү


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын май айында түзүлгөн «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин башчысы, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мисир Ашыркулов жана аталган бирикменин төрага орун басары Адахан Мадумаров мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев жетектеген «Кыргызстан элдик кыймылына» биригишти.

Кыймылдын мүчөсү, депутат Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда, аталган кыймылга ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Алишер Абдымомунов, Алевтина Проненько жана мурдагы билим берүү министри Ишенгүл Болжурова да кирди.

Ушул эле күнү Адахан Мадумаров жогорудагыдай маалыматты тастыктап, биригүү тууралуу жакында коомчулукка кеңири маалымат бериле тургандыгын жарыялады.

Мындан бир ай мурда оппозициячыл маанайдагы тогуз саясий партия биригип «Кыргызстан элдик кыймылын» түзүшкөн. Кыймылдын төрагасы болуп мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев шайланган.

XS
SM
MD
LG