БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү структуралык реформаларды жүргүзүүгө багытталган CSAC программасы боюнча Дүйнөлүк банктын алдында алган милдеттемелерин так аткара албай жатат. Буга байланыштуу Дүйнөлүк бактын жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын 5-августунда президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдогон.
Аталган программага ылайык үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин энергетика, газ тармагы менчиктештирилиши белгиленген. Ал эми Дүйнөлүк банктын жетекчилиги өз кайрылуусунда мамлекет башчысы Аскар Акаевден жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин жыйындарына катышып болсо да өлкөдөгү энергетика, газ тармагын менчиктештирүүнү тездетип, бир киловат электр энергиясына болгон бааны 1 сом 10 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштаган.
Дүйнөлүк банктын кайрылуусунун текстин бүгүн журналистерге Мыйзам чыгаруу жыйынын эмгек жана социалдык комитетинин башчысы Адахан Мадумаров таратты. Мадумаровдун айтымына караганда, Кыргызстандын аткаруу бийлиги мына ушул себептен бир нече күндөн бери өлкөнүн энергетика тармагын менчиктеширүүгө аракет жасоодо.
Айта кетүүчү нерсе, мындан бир нече күн илгери өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев Дүйнөлүк банктын жетекчилигинин жогорудагыдай кайрылуусу тууралуу жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүнө депутаттар менен жакындан иш алып барууну тапшырган.