АКШнын тышкы саясаты боюнча 20-кылымдагы эң абройлуу эксперттеринин бири деп эсептелген Пол Нитце 97 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал АКШнын 6 башка президенттеринин тушунда өлкөнүн улуттук коопсуздук жаатында түрдүү кызматтарда иштеген жана президенттерге Куба менен Берлиндеги кризистер, Вьетнамдагы согуш боюнча кеңеш берип турган.
Пол Нитценин ысымы өзгөчө Советтер Союзу менен болгон “кансыз согуштагы” СССРдин саясатына, аскерий күчтөрүнө байкоо жүргүзүү аракеттери менен байланыштуу.
Жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Пол Нитце менен 1987-жылдагы бир окуя учурунда кызматташып калганына сыймыктанаарын айтты:
-Анда Советтер Союзу менен өзөктүк куралды кыскартуу тууралуу алгачкы аскердик келишим кабыл алынып, СССР “СС-20” аталышындагы баллистикалык ракетасын, ал эми биз "Першинг-2" деген жердеги ракетаны жок кылуу тууралуу келишимди кабыл алууга жетишкенбиз. Бул – Полдун мыкты ийгилиги болгон, - деп эскерет АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл.