Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Фаллужада сокку уланууда


Ирактын Фаллужа калаасында америкалык аскерлер козголоңчулардын обьектилери деп эсептелген жерлерге дале сокку урушууда. Кечээ иорданиялык Абу Мусаб ал-Заркауинин тарапкерлери жашынган болушу мүмкүн делген эки үй жок кылынган.

Кечээ Багдаттын аба майданына жакын жерде болгон жардырууларга Заркауинин адамдары жоопкерчиликти өзүлөрүнө алышты. Анда эки машине жарылган эле. Жардыруулардан жанкечти-айдоочунан сырткары эч ким жапа тарткан жок.

Бирок ошол эле күнү Самарра шаарында болгон жардыруудан бир жаш бала өлүп, 13 киши жаракат алды.

Андан сырткары, “Кеа” деп аталган эларалык гуманитардык уюм Ирактагы ишмердүүлүгүн токтотоорун жарыялады. Анткени анын Ирактагы төрагайымы Маргарет Хассанды белгисиз адамдар уурдап кетишкен.

XS
SM
MD
LG