Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

23-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек. Синоптиктердин кабарлоосу боюнча 23-октябрда Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн – 2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +18...+23 градуска жылыйт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн –4 градус сууктан, +1 градуска чейин жылуу, ал эми күндүз +14...+19 градуска жылыйт.
Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +21...+23 градус жылуу.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG