ОШ. Ош шаардык кеңешинин сегизинчи олтурумунун күн тартибинде жети маселе каралып, алардын ичинен негизинен шаардык милициянын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жана коомдук тартипти камсыз кылуудагы отчету депутаттар тарабынан сынга алынды.
Ички иштер органдарынын ишинин абалы боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Орозбек Акимбаев коррупция жана экономикалык кылмыштардын бетин ачуу, уурдалып кеткен жеке жана коомдук менчикти ордуна коюу, атуулдардын арыздарын өз убагында кароо жана түнкүсүн шаардын борбордук көчөлөрүндө коомдук тартипти камсыз кылуу багыттарында шаардык милициянын ишинин начар экендигин белгиледи.
Мындан сырткары депутаттар жол кыймылындагы башаламандыктан улам жол кырсыктарынын саны көбөйүп жаткандыгын, мына ошондуктан бул багытта шаардык автоинспекция кечиктирилгис мөөнөттө чечкиндүү чараларды көрүшү зарыл экендигин айтышты.