Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Сузак районунда нааразылык акциясы улантылды


ЖАЛАЛАБАД. Үч күндөн бери плакаттары менен пикетте турган 20 киши президент Аскар Акаев менен Жогорку соттон Сузак райондук сотунун төрагасы менен судьясын кызматтан алууну талап кылышты. Алардын ою боюнча соттордун туура эмес чечими менен адам укугу тебеленип, карапайым кишилер жабыркоодо. Пикетчилер менен бирге турган Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосалы Ибраимов нааразылык комиссия маселени ачык чечкиче, болбосо мөөнөтсүз улантыларын билдирди.

Төрагасы ооруган энесинен кабар алганы кеткенин, ал эми судьясы ооруканада экенин билдирген сот жардамчылары чечимдер мыйзам алкагында кабыл алынаарып жатканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG