Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Кыргызстанда мамлекеттик тоо-кен университети негизделмей болду


БИШКЕК. Буга байланышкан жардыкка президент Аскар Акаев кол койду. Бул жогорку окуу жай тоо-кен тармагындагы адистерди даярдоо системасын өркүндөтүү максатын көздөйт. Аталган университет Кыргыз мамлекеттик тоо-металлургия университетинин, Бишкектеги автомобиль-жол техникумунун негизинде түзүлүп, бул эки окуу жайдын карамагындагы имараттар, материалдык-техникалык база жана окуп жаткан студенттер толугу менен жаңы окуу жайдын карамагына өтөт.

Тоо-кен мамлекеттик университети тоо экологиясы, жаратылышты пайдалануу, экстремалдык медицина өңдүү адистиктерди даярдайт. Ушул эле университеттин карамагында жардыкка ылайык академик Асаналиев атындагы геология институту жана Көлбаев атындагы транспорт жана байланыш институту түзүлмөй болду. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

XS
SM
MD
LG