Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Жаңы паспорт 1-декабрдан баштап берилет


БИШКЕК. Кыргызстандыктарды жаңы үлгүдөгү паспорт менен камыздоо 1-декабрда башталат. Бул тууралуу маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Юрий Лысогоров «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Ушундай эле маалымат тышкы иштер министрлигинен да алынды. Учурда жаңы паспорттун Кыргызстандын ичинде жана чет өлкөдө пайдаланылган үлгүлөрүнүн наркы боюнча өкмөт тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Консулдук башкармалыктын укук бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча Кыргызстан кызматташкан чет өлкөлөрдүн дээрлик бардыгы жаңы паспорттун үлгүсүн алышкандыгы тууралуу маалымат беришти. Кызматташ чет өлкөлөр Кыргызстандын жаңы паспортунун үлгүсү менен толук таанышкан соң гана жарандарга бул документ бериле баштай турганын премьер-министр Николай Танаев мурда маалымдаган.

XS
SM
MD
LG