Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Баткен окуясынын 5 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Баткен окуясына катышкан жоокерлердин урматына эстелик орнотулду. Бул Кыргызстандын түштүк аймагына кирген куралчан топторду жок кылуу операциясынын аяктагандыгынын 5 жылдыгына арналды. Салтанатка президент Аскар Акаев катышты. Ушул эле күнү Баткен окуясына байланыштуу Кыргыз улуттук филармониясында жыйын болду.

Мындан тышкары коргоо министри Эсен Топоев Баткен окуясында курман болгон 53 адамдын үй-бүлө, жакын туугандарын кабыл алып, «Согушта сыналгандар» («Испытанные войной») аттуу орус тилинде чыккан китепти жана 10 миң сомдон акча каражатын тапшырды.

Куралчан топтор Кыргызстандын түштүк чегарасын 1999- жана 2000-жылдары жай айларында бузуп киришкен. Кагылышууларда Кыргызстандын 45 аскер адамы, ички иштер министрлигинин 6 кызматкери жана 2 карапайым адам набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG