Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Кытайда куткаруучулар жер алдында калган 90 кенчини издеп жатышат


БЭЖИН. Хенан провинциясындагы Дапиң деген шахтада шаршембиде газдын жарылуусунан, ырасмий маалыматтарга караганда, 62 кенчи курман болду. Жер алдында калган 450 кенчинин 300ү аман-эсен куткарылды. Өлкөнүн президенти Ху Дзин Тао жергиликтүү жетекчилерге кенчилерди куткаруу үчүн бар мүмкүнчүлүктү пайдаланууга буйрук берди.

Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырсыктан курман болгон адамдардын саны көбөйүшү мүмкүн деп жатышат. Кытайдын көмүр кендери дүйнөнүн эң кооптуу кендеринен болуп саналат. Анда суу каптоо, жырылуу сыяктуу кырсыктардан жылына ондогон адамдар курман болот.

XS
SM
MD
LG