Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Мамдума Киото протоколун ратификациялады


МОСКВА. Россиянын Мамдумасы Киото протоколун ратификациялады. 1997-жылы 126 өлкө тарабынан кол коюлган келишимден АКШ 2001-жылы чыгып кеткен болчу. Буга байланыштуу Россиянын Мамдумасы келишимди ратификациялоону кечеңдете баштаган эле.

Документтин ратификацияланышы менен ага макулдугун берген өлкөлөрдүн саны 55 проценттен ашып, келишимдин милдеттүү түрдө аткарылышына жол ачылууда. Россиянын үлүшүнө дүйнөдө бөлүнүп жаткан уулу газдардын 17 проценти туура келет.
Келишимди толук ратификациялоо үчүн ага президент Путин кол койуп, парламенттин жогорку палатасы макулдугун берүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG