АЛМАТЫ. Алматы шаарында дүйнөнүн 17 өлкөсү террорчулукка каршы күрөштө маалымат алмашып турууга макулдашты. "Азиядагы кызматташтыкты жана өз ара ишенимди өнүктүрүү" конференциясынын катышуучулары пландаштырылып жаткан аскердик операциялар жөнүндө бири-бирин кабардар кылып турууга жана аскердик маневрлар учурунда байкоочулар менен алмашып турууга макулдашты. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Россиянын тышкы иштер миинстри Сергей Лавров:
-Биздин негизги максаттарыбыздын бири -Ооганстанды калыбына келтирүүгө жана аны кошуналары жана жалпы дүйнө коомчулугу менен жакшы ымалада жашаган өлкө катары тикелөөгө жардам берүү,- деп айтты.
Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев:
-Жакырчылыкка каршы күрөшкө чоң көңүл буруубуз керек. Жакырдык террорчулук, маңзат аткесчилиги жана башка ушул сыяктуу кылмыштардын очогу болуп калды,-деп билдирди.
Конференцияга Азербайжан, Ооганстан, Египет, Индия, Иран, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Палестин автономиясы, Пакистан, Россия, Тажикстан, Тайланд, Түркия жана Өзбекстан катышты.