Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Адам сатуу маселеси бейөкмөт уюмдардын жыйынында талкууланды


ОШ. «Подруга» коомдук фондунун төрагасы Таалай Абдыраимов уюмдун кийлигишүүсү менен Дубай шаарында сойкулукка мажбурланган төрт кыз жана Казакстандын тамеки талааларында кулчулуктун курмандыгы болгон 10 адам жакында боштондукка чыккандыгын маалымдады.

Мындан сырткары аталган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Ош облусунун аймагында атуулдарды чет өлкөлөргө жумушка жайгаштырабыз деген шылтоо менен мыйзамсыз иштеп жаткан 7 фирманын бети ачылгандыгын кабарлашты.

Жыйындын аягында «Голден гоул» коомдук бирикмесинин жетекчиси Алишер Мамажанов кулчулукка жол бербөө багытында мамлекеттик механизмдер жок болуп жаткандыгын, мына ошондуктан аны тез арада иштеп чыгууга өкмөттүн көңүлүн буруу зарылдыгын белгиледи.

Буга чейин жаштардын «Голден гоулд» коомдук бирикмесинин жана «Подруга» коомдук фондунун өнөктөштүгүндөгү долбоор боюнча жогорудагы маселенин тегерегинде атайын иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG