Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Элчилер күнү белгиленет


БИШКЕК. 24-октябрда Кыргызстанда элчилердин кесиптик майрамы болот. Бул күндү 23-октябрда тышкы иштер министрлиги чакан чөйрөдө белгиледи. Тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун маалымат каражаттарына берген интервьюларында белгиленгенге караганда, азыр тышкы иштер министрлигинин аппаратында дипломатиялык 102 кызматкер иштейт. Учурда чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 19 элчилиги, 3 консулдугу жана консулдук 4 агенттиги бар. Акыркы ирет Кыргызстан Жапонияда өз элчилигин ачты. Ал эми келерки жыл "кыргыз дипломатиясынын жылы" деп аталаары күтүлүүдө. Мындай демилгени президент Аскар Акаев тышкы иштер министрлигинин 60 жылдыгына карата жакында өткөн салтанатта көтөргөн.

XS
SM
MD
LG