Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Косоводо парламенттик шайлоо өткөрүлүүдө


Сербиянын курамындагы мусулман Косово автономиясында бүгүн парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Косоводогу өкүлү Паскал Фиишинин айтымында, бул шайлоо Косово эли үчүн зор мааниге ээ:

- Силер бүгүн Косовонун келечеги, өзүңөрдүн келечегиңер үчүн добуш берип жатасыңар. Силердин келечек тагдырыңар өзүңөрдүн колуңарда, ал мына бул шайлоо бюллетендеринде.

Косоводо жашаган сербдер шайлоону бойкоттоп жатат. Сербиянын мурдагы жетекчилиги Косоводогу мусулмандарды кырып жок кыла баштагандыктан, 1999-жылы НАТО уюму Сербияга аскерий сокку урган жана кийин аймакта Бириккен Улуттардын башкаруучулугу киргизилген.

XS
SM
MD
LG