Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Бразилия дагы өзөктүк курал өндүрүүгө жөндөмдүү


АКШнын өзөктүк курал боюнча Висконсин долбоорунун деректири Гэри Милхоллин бүгүн жасаган билдирүүгө караганда, Бразилия жыл сайын алты өзөктүк бомба өндүрүүгө кудуреттүү. Бразилия жетекчилиги андай маалыматты дароо четке кагып, анын өзөктүк изилдөөлөрү курал чыгаруу максатын көздөбөйт деп билдирди. Бирок өлкөнүн өзөктүк ишканаларына эл аралык инспекторлор келип, аларды текшерип кетишине да каршы чыкты.

Америкалык эксперттердин пикиринде, эгер Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Бразилия маселесин чече албаса, анда Иранга каршы дагы катуу чара көрүү кыйын болот.

XS
SM
MD
LG