Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Иракта Абу Мусаб аз-Заркавинин жардамчысы кармалды


Ирактын батышындагы Багдади деген шаардагы америкалык базанын жанында бүгүн бомба жүктөлгөн машинени бир жанкечти жардырып жибергенден он адам набыт кетип, дагы кыркка жакын киши жараат алды.

Самарра шаарындагы бир жанкечтилик жардыруудан төрт киши өлүп, алты адам жарадар болду.

Фаллужа шаарында болсо америкалык аскерлер түнүчүн Абу Мусаб аз-Заркавинин жардамчыларынын бирин жана дагы беш адамды кармады. Ал эми Багдад шаарынын көчөсүндө бомба жарылгандан алты америкалык аскер жараат алды.

XS
SM
MD
LG