Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Атбашы-Ачакайыңды көпүрөсү жаңы салынды


НАРЫН. Узундугу 190 метрлик, жүк көтөрүмдүүлүгү 80 тонналык көпүрө үч айда бүткөрүлдү. Аны ишке киргизүү салтанатына биринчи вице-министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев катышты. Ал 36 жыл мурда салынган эски көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө 13 млн. сомго бүткөрүлүп, анын 1,5 миллион сомун көп тармактуу «Дордой» ассоциациясы нак бергендигин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми облустун губернатору Аскар Салымбеков бул көпүрө быйыл белгиленүүчү облустун 65 жылдыгына арналып бүткөрүлүп жаткан 65 объектинин стратегиялык мааниге ээ бөлүгү экендигине токтолду. Бул көпүрөнүн бүтүшү менен Атбашы районунун тогуз айылынын эли эми 70 километр жерди баспай, 45 километр жол менен район борборуна келишет. Салтанаттын жыйынтыгында куруучуларга сыйлык берилди. Кубанычбек Жумалиев да Атбашыдан кур кол кайткан жок - ага ат мингизишти.

XS
SM
MD
LG