Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Израилдин өкмөтү Газа секторунан көчүрүлүүчүлөргө компенсация төлөө боюнча мыйзамды жактырды


Мыйзам премьер-министр Ариэль Шарондун Газа секторунан кетүү жөнүндөгү планына ылайык иштелип чыккан жана бул жердеги конуштардан көчүрүлүүчү тургундарга компенсация төлөөнүн шарттарын аныктайт. Өлкөнүн юстиция министри Йосеф Лапид кабарчылар менен болгон маегинде өкмөт чечимин мындайча баалады:

-Мен бул Израил кеминде өзүнүн келечек муундары үчүн жасап келген иштин жолун өзгөрткөн чыныгы тарыхый чечим деп айтаар элем. Мен тынчызданган тараптардын баарын, анын ичинде бул чечимдин таасири тийе турган адамдарды цивилизациялуу деңгээлде диалог жүргүзүүгө, зомбулукка шыкакчы болбоого чакырам.

Жөөт премьери келерки жылдын жайына карата Газа секторундагы баардык 21 конушту жоюп, 8 миң адамды, Иордандын Батыш жээгинен 4 конушту жоюп, бир нече жүз адамды көчүрүүнү белгилөөдө. Эгер бул ишке ашса, Израил 1967-жылкы согушта ээлеп алган, палестиндер өзүнүкү катары эсептеген жерлерден жөөт конуштарынын алгачкы ирет жоюлушу болот. Алдыдагы шейшембиде маселе Израилдин парламентинде талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG