Хамид Карзайдын президенттик шайлоодогу башкы атаандашы Юнус Кануни жеңилгенин мойнуна алууда. Бул тууралуу бүгүн Канунинин басма сөз катчысы билдирди. Басма сөз катчынын айтымында, Юнус Кануни Ооганстан дагы бир кризиске туш болушун каалабайт. Жарактуу деп эсептелген добуштардын 6%дан азырагы санала элекке чейинки маалыматка караганда Хамид Карзай добуштардын басымдуу бөлүгүн алган. Бирок ал жеңүүчү катары жарыялана элек. Себеби эксперттик комиссия талапкерлердин шайлоонун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча даттанууларын кароону улантууда. Шайлоонун ырасмий жыйынтыгын жарыялоо балким дагы бир аптага созулушу мүмкүн.
Ооганстандагы президенттик шайлоо 9-октябрда өткөрүлгөн.
Ооганстандагы президенттик шайлоо 9-октябрда өткөрүлгөн.