БАТКЕН. Исхак Раззаковдун туулган күнүнө арналган митинг Баткен шаарындагы «Улуу инсандар аянтында» өтүп, ага облустук бийликтин өкүлдөрү, Баткен Мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери, шаар тургундары катышты. Иш чара улуу инсанды эскерүү жана анын эстелигине гүл чамбарларды кою менен башталды. Андан соң Исхак Раззаковдун өмүр жолу эскерилип, ал жетектеген жылдарда Кыргызстан бардык тармактар боюнча өсүп-өнүгүүгө жетишкени, бир катар окуу жайлар ачылганы белгиленди. Адабиятты, маданият менен көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө зор салым кошкону айтылды. Студенттер анын элесине арналган ыр саптарын окуп, сөзгө чыгышкан аксакалдар жаштарды Исхак Раззаковдой эл-жер үчүн күйгөн инсандардан болууга чакырды.
Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда туулган.
Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда туулган.