Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Жогорку Кеңеш имаратынын жанында дагы эки пикет болду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин имаратынын жанында бүгүн түштөн кийин эки пикет болду. 40 чамалаш кишиден куралган биринчи топ Кыргыз циркинин карамагындагы жатаканага байланыштуу чыгышты. Буга чейин Свердлов райондук соту жатакана тургундарына карата октябрь айынын этегине чейин аталган жатакананы бошотуп берүү тууралуу чечим чыгарган. Пикетке чыккандар жергиликтүү тургундардын укугу корголбой, менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзам бузулуп жаткандыгын белгилеген жазууларды кармап турушту. Парламент алдында түштөн кийин пикет өткөргөн экинчи топ карапайым калктын талаптарына сот жана тартип коргоо органдары маани бербей жаткандыгын белгилешип, көтөрүлгөн маселеге башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин жооп беришин талап кылышты. Мындай талап коюп пикетке чыккан беш аял Москва районунун Беловодск шаарчасынан келишкен.

XS
SM
MD
LG