Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Эл өкүлдөр жыйыны акыркы сессияга чогулду


БИШКЕК. 25-октябрда Жогорку кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын акыркы, 21-сессиясы ишин баштады. Бул сессия эки этап менен өтүп, анын биринчи этабында 37 маселе каралмай болду. Алардын ичинен 14 маселеге байланышкан талкуу Кыргызстан калкына түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Алардын катарында өлкөнүн 2005-жыл үчүн бюджетинин долбоору талкууланып, Башкы прокурордун, Улуттук Банктын төрагаларынын, Ички иштер министринин отчеттору угулат. Мындан тышкары Россия аймагындагы Кыргызстандык ишкерлердин абалы, «Дастан» жана Бишкек машина куруу ишканаларынын акцияларын сатуунун тартиби тууралуу маселелер Россия Федералдык кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Бул эки ишкана Россияга сунушталган төрт ишкананын тутумуна кирет.

XS
SM
MD
LG