Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:28

АКШ президенттине талапкерлердин өз ара сындашуусу күчөдү


2-ноябрдагы шайлоо алдында, АКШ президентине талапкерлердин бири бирин сындоосу курчуду. Жекшемби күнү сенатор Жон Керри президент Бушту Кошмо Штаттары терроризмден толук кооптуу болору күмөндүү деген сөзү үчүн сындап, өзү менен Буштун саясатындагы айырмачылыктарга токтолду:


- Сиздер Буш менен болосуздарбы, Иракта жагдай өзгөрбөй кала береби, башка мамлекеттерди өзүбүздөн алыстата беребизби, Америка экстремистерди курчоого алгандын ордуна өзүн дүйнөдөн обочолото береби, дөөлөттүүлөр жыргап, келечек үчүн күрөшкөндөр үчүн катаал заман келеби, же сиздер вице-президентке талапкер Жон Эдвард экөөбүз орто класстарга салыктан берчү жеңилдикке ээ болосуздарбы- мунун баары 9 күн ичинде айкын болот.

Нью Мексика штатында сапарда жүргөн Жорж Буш атаандашын терроризмге каршы согуштун өзгөчөлүгүн жана Ирак кырдаал өзгөргөнүн түшүнбөйт деп күнөөлөдү. Буштун айтышынча, Ирак согушу терроризмге каршы согуштун кан майданы саналат.

XS
SM
MD
LG