Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Иран премьер Блэрдин сөзүн угуп, Батыштын сунушуна көнөбү?


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү уланып жатканын айтып, бирок, “Ирандын атомдук куралдуу болушуна мүмкүнчүлүк берилеш керек” деп билдирди:

– Биз ирандыктардын эл аралык милдеттенмелерин жана Атомдук агенттик бекиткен тийиштүү мыйзамдар менен жоболорду аткарышын азыр талап кылабыз. Бул багыттагы сүйлөшүүдөн майнап чыкпай калды дебейбиз. Эл аралык коомчулук алардын ядролук программаны өнүктүргөнүн оңсуз деп тапканын ирандыктар түшүнүшү зарыл.

Франция, Германия жана Британия мурдараак Иран ядролук куралга керектүү уранды байытууну токтотсо, анын акысына граждандык максатта пайдаланылуучу өзөктүк технология берүүнү жана өз ара сооданы калыбына келтирүүнү сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG