Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Таластын 60 жылдыгын майрамдоого элден канча каражат чогулган?


ТАЛАС. Облус губернаторунун биринчи орун басары Канат Нартаев, облустук
администрациянын коопсуздук жана коргонуу иштери боюнча бөлүм башчысы Зоотбек Кудайбергенов облустун тогуз айдагы өнүгүүсү, өрөөндөгү мыйзамдуулукту сактоо жана Талас облусунун 60 жылдыгын майрамдоого элден топтолгон каражаттын кандай иштерге чыгымдалгандыгы тууралуу маалымат беришти. Тогуз айда 4,2 млрд. сомдук айыл чарба азык-түлүктөрү өндүрүлгөн. Талаачылыкта жүгөрүү, май алынуучу өсүмдүктөрдү эгүү кескин көбөйгөн. Төө буурчактын дүң жыйымы 36 миң тоннадан ашуусу күтүлүүдө. Быйылкы сатып алуу баасы дагы улам жогорулап, аны атаандашып иштеп жаткан чет элдик он алты фирма сатып алып жатат. Ал эми Талас облусунун 60 жылдыгын өткөрүүгө элден 6 млн. 632 миң сом чогулгандыгы айтылды жана алар кандай чыгымдалгандыгы тууралуу отчет берилди.

XS
SM
MD
LG