Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Мамлекеттик тил боюнча олимпиада өтүп жатат


БИШКЕК. Кыргызстандын мектептеринде 1-октябрдан бери «Мамлекеттик тил - жалпы элдин байлыгы» деген ураандын алдында кыргыз тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиада өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрага орун басары Ташбоо Жумагулов билдирди. Бул иш чара кыргыз тилин мыкты өздөштүргөн окуучуларды жана окутуунун жаңы усулдарын табуу, улуттар аралык мамилелерди чыңдоо максатын көздөйт. Учурда жер-жерлерде өтүп жаткан олимпиаданын жалпы жыйынтыгы январь айында Бишкекте чыгат. Олимпиаданы өткөрүү боюнча түзүлгөн калыстар тобунун курамында окумуштуулар, тилчи-адистер жана мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөлөрү бар.

XS
SM
MD
LG