Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

«Берметтин» акционерлери нааразы


БИШКЕК. «Бермет» акционердик коомунун акционерлер тобу президент Аскар Акаевдин, Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин наамына кат жолдошту. Бул тууралуу бүгүн демилгелүү топтун өкүлдөрү «Азаттыка» кабарлашты. Алардын маалыматына караганда, бул жабык акционердик коомдун жети дүкөнү, көмөкчү чарбасы, кондитердик ишканасы бар. Ишкана жетекчилиги акциянын 26,6 %на ээлик кылган акционерлерге 11 жылдан бери эки ирет гана дивиденд берген. «Жетекчилик жеке басарлык кылып атат» деп санаган 20дан ашык акционер буга чейин прокуратуранын бардык инстанцияларына кайрылып, жооп ала алышпаганын жазышат. Мындан мурда акционерлер Башкы прокуратурага жөнөткөн катка Бишкек шаардык прокуратурасы жооп берип, анда «Бермет» акционердик коомуна байланышкан ишти териштирүү 1-май райондук милициясына тапшырылгандыгы белгиленген. Акционерлер мындай жооптуу жетишсиз деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG