Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Сэулда Пхеньяндын атомдук программасы талкууланды


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл түштүк кореялык өкүлдөр менен жолуккан соң Түндүк Кореяны колдон келишинче ылдамыраак сүйлөшүү үстөлүнө кайтканга чакырып, Кошмо Штаттарынын бул өлкөгө кол салганга, дегеле душмандык кылганга эч кандай ниети жоктугун ырастады. Пхеньяндын атомдук программасына байланышкан кризистин чечилбей жатканы, Пауэллдин айтымында, бу өлкөгө эл аралык коомчулуктун жардам көрсөтүшүнө каскак болууда. Эки корей өлкөсүнүн чек ара тоомунда жер алдына салынган жол табылды, аны түндүк кореялык агенттер пайдаланып жүргөн болуу керек. Ушундан улам Сэул чек арада коопсуздук чараларын күчөтө баштады. Ал эми Япон деңизинде АКШнын, Австралиянын, Франциянын жана Япониянын аскер кемелери биргелешкен машыгууларды баштады.

XS
SM
MD
LG