Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Берлинде француз жана немец лидерлери Түркиянын премьери менен жолугушат


Жак Ширак жана Герхард Шрөдөр француз-немец саммити аяктаган соң Режеп Тайып Эрдогон менен Түркиянын Евросоюзга мүчө болушуна байланыштуу маселелерди талкуулайт. Немец канцлери Түркиянын союзга алынышына колдоо билдирген эле, француз президенти болсо бул маселе боюнча биримдиктин өлкөлөрүндө референдум өткөрүүнү сунуш кылган. Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөр жакында башталарына ишенич билдирди. Коюлган талаптарга толук даяр болгон соң Түркия Евросоюздун толук кемелдүү мүчөсү болуп каларына кайткыс үмүтү бар экенин айтып, Гүл ошол эле учурда бул процесс канчага созуларын так билбей тургандыгын да кошумчалады. Гүл бүгүн Прагада Чехиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

XS
SM
MD
LG