Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Израиль парламенти Ариэль Шарондун планын жактырды


Израилдин парламенти шейшемби күнү кечинде өлкөнүн премьер-министри Ариэль Шарондун планын жактырды. Шарон Газа тилкесинде жана Иорданиянын батыш жээктеринде отурукташкан жөөттөрдү ал жерден көчүрүп кетүү тууралуу планын парламентке сунуштаган болчу.
Премьер-министрдин планын парламентте 67 адам колдоду, ал эми 45 киши анын аткарылышына каршы экендигин билдирди.
Газа тилкесинде бир жарым миллионго жакын палестиндердин арасында 8 миңдей жөөт жашайт. Эми Шарондун планы боюнча, өкмөт аларга акчалай колдоо көрсөтүп, ал жерден жөөттөрдү чыгарып кетиши керек. Премьер министр бул планы менен өзүнүн “Ликуд” партиясынын дээрлик жарымысын өзүнө каршы багыттап алгандай болду. Бирок аны оппозициялык партиялардын айрым өкүлдөрү колдошту.

XS
SM
MD
LG