Ушул түнү Иракта Абу Мусаб ал-Заркавинин козголоңчулар тобу жапониялык бир аскерди барымтага алганын кабарлады. Алар бул тууралуу исламдык интернет баракчасы аркылуу билдиришти. Барымтачылар Жапон өкмөтү эгерде 48 сааттын ичинде Ирактан өзүнүн аскерлерин чыгарып кетпесе, жапон атуулу мууздалаарын эскертишти.
Токиодон келген маалыматка караганда, Жапониянын премьер-министри Дзюинтиро Коидзуми Ирактагы барымтачылардын талабын четке кагып, жапон өкмөтү Ирактагы аскерлерин ал жерде калтыраарын айтты.
Ирактын Самарра шаарында жапониялык 550дөй аскер бар.