Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

«Ыссыккөл тур» эркин гезитинин редактору Жыргалбек Бейшембаев киши колдуу болуп өлдү деген божомолдор айтылууда


КАРАКОЛ. Дээрлик жыйырма жылдан ашуун журналист жана котормочу катары окурмандар чөйрөсүнө таанылган, өмүрүнүн соңку жылдары «Ысыккөл тур» эркин газетасынын редактору болуп иштеп жаткан Жыргалбек Бейшенбаевдин сөөгү он беш күндөн кийин гана облустук оорукананы өлүкканасынан табылган. Дарыгерлердин айтымында, анын өлүмүнө эч ким күнөөлүү эмес, суу түтүкчөлөрү өтүүчү аңга түшүп кетип, аба жетпей каза тапкан. Дарыгерлердин мындай аныктамасына жергиликтүү журналисттер кошулбайт. Анткени маркумду акыркы сапарга узартуу жөрөлгөсүнө катышкан айрым журналисттердин пикирлерине караганда Жыргалбек Бейшенбаевдин баш сөөгү талкаланган, ал таш менен корумдалып, чала көмүлүп жаткан жеринен тартип коргоо органдары тарабынан табылган. Демек Бейшенбаевдин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн деген божомолдорго негиз бар. Мына ошондой версиялардын чындыгына жетиш үчүн жергиликтүү журналисттер Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылуу үчүн комиссия түзүү ниеттерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG