Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Жалалабат облустук администрациясынын кеңейтилген жыйыны өттү


ЖАЛАЛАБАД. Он айлыкты ийгиликтүү жыйынтыктоо маселеси талкууланган кеңешмеде өнөр жай жана айыл чарбасынын өсүү темпи баяндалып, өзгөчө маанилүү жайлардын коопсуздугун күчөтүү жагы эскертилди. Кышка даярданууда буу казаны толук ремонттолбой бир жарым миң тонна көмүр кем камдалган. Электр линияларынын 7 пайызы гана оңдолуп, трансформаторлорго май жетишпейт. Өкмөт казналык жана айыл өкмөт кызматчыларынын былтыртан берки 34 млн. сомдук маяна карызынан кутулган жок. 134 млн. сомго жетип 34 пайызга жеткен электр жарык карызын 99 млн. сомго түшүрүү тапшырмасы берилди. Карыз жыйнаган Жалалабад энерго ишканасынын финансылык абалы оор, салык топтоо да жакшы эмес, былтыркыдан 10 млн. сом аз чогултулуп, төлөнбөгөн салыктын көлөмү 5 млн. сомго өскөн.

XS
SM
MD
LG