Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кытайдан аскерий техникалык жардам келди

БИШКЕК. Бүгүн Торугарт көзөмөлдөө пунктунан Кытай Эл Республикасынын коргоо министирлигинин өкүлдөрү Кыргызстанга 8 млн. юань өлчөмүндөгү аскерий-техникалык жардамды тапшырышты. Анда аскердик кышкы кийим, муздаткыч, кир жуучу машина, нан жасаган электр меши жана дизелдик-генераторлор бар. Мындай маалыматты бүгүн коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул иш-чара 2003-жылдын 19-ноябрындагы Кыргыз-кытай коргоо министрликтеринин эки тараптуу келишимине ылайык жүргүзүлгөн.
XS
SM
MD
LG