БИШКЕК. «Мамлекет башчысы Аскар Акаевдин шейшемби күнкү Жогорку Кеңештин кош палатасында жалпы элге кайрылуусундагы маалыматтар туура эмес. Президенттин негизсиз айткан маалыматы үчүн 1-май райондук сотуна арыз жолдойм»,-деп билдирди укук коргоочу Турсунбек Акун бүгүн “Азаттыкка”. Анын айтымында.
- «Саясий күчтөр өлкөнү күч колдонуу менен тартып алууга аракети бар дегени негизсиз. «Хизбут-Тахрирди»укук коргоочу деп аталгандар колдоп атышат», деп Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдү, демократиялык топторду Аскар Акаев эл алдында күнөөкөр кылууда. Ошондуктан мен Акаевди сотко берейин деп чечтим, - деди Турсунбек Акун.
Ал эми президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, «Турсунбек Акундун президенттин үстүнөн сотко арыз беришине эч кандай негиз жок», - деп билдирди.