Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Ооганстандагы америкалык аскерлер тарабынан туткундалган жергиликтүү бир киши абактан көз жумду


Бир ай мурун болгон бул окуя жөнүндө америкалык командачылык бүгүн билдирди. Алардын ырастоосунда, ооган-пакистан чегарасындагы Салерно базасында кармалып келген адам инфаркттан каза болгон.
Эки жылга жетпеген убакыт ичинде Ооганстандагы америкалык түрмөлөрдө көз жумган туткундардын саны 4 кишиге жетти.
Быйыл жайында ЦРУда келишим менен иштеген бир америкалык оогандык туткунду сабап өлтүргөндүгү үчүн сот жообуна тартылды.
Эмнести интернешнл укук коргоо уюму Гуантанамо-бэй, Ооганстан жана Ирактагы америкалык абактардагы мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырып келатат.

XS
SM
MD
LG