Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкектеги гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча, 29-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +10...+15 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуӈунда түнкүсүн -2...-7 градус суук, айрым жерлерде +3 градус жылуу, күндүз +10...+15 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн –3...-8 градус суук, күндүз +8...+13 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жамгыр жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +14...+16 градус жылуу.


Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Шайырбек Эркин уулу.

XS
SM
MD
LG