Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:44

Нарын облусунун Ооруктам кыштагында спутниктик теле антенна коюлду


НАРЫН. Нарын облусунун алыскы айылдарынын бири Оорук там кыштагында спутниктик теле антенна аркылуу 31 телеканал көрсөтүлөт.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентчилигинин Нарын району боюнча эксперти Бакай Эсенгулов 28-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Нарын районундагы Орток айыл өкмөтү аталган агентчиликтин пилоттук эсебине кирген. Натыйжада райондун борборунан 85 чакырым аралыкта жайгашкан Орток айыл өкмөтүнүн Ооруктам айылынын тургундары спутниктик телеантенна орнотуу тууралуу долбоор жазышкан. Союз убагында да телекөрсөтүүлөрү болбогон Ооруктамда 10 антенна ишке берилип, 33 түтүн эл 31 каналдан телекөрсөтүүгө эгедер болушту деген Бакай Эсенгулов каражаттын 105 миң сомун агентчилик каржылап, 40 миң сомун айылдыктар төлөгөндүгүн айтты. Ал эми айылдык инвестициялык долбоор алкагында облус боюнча 10 айылдык кеңеште 7 млн. 77 миң сомдук 46 долбоор иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG