Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Чымкоргон ооруканасы электр жарыгынан жапа тартпайт


БИШКЕК. Чүй облусунун Кемин районунда караштуу Чымкоргон айылындагы психиатриялык ооруканада электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу өкмөт башчысы Николай Танаев Акыйкатчыга берген жообунда билдирген. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Чымкоргондогу психатриялык оорукананын башкы врачынын милдетин аткаруучу Ажибековдон Акыйкатчыга арыз келип түшкөн. Арызда электр кубаттуулугунун тез-тез өчүрүлүшү, түнкүсүн оорукана кызматкерлеринин иштешине коркунуч келтирип, оорулууларга тамак-аш даярдоого кыйынчылык келтирээри айтылган. Акыйкатчынын кийилигишүүсү менен жогорудагы маселе өкмөттүк деңгээлде чечилгенин Омбудсмандын басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG