Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Орусиянын 70 регионунда Путиндин сунушуна каршы болгондор көчөгө чыгышты


Бүгүн Орусиянын 70 регионунда оппозициянын өкүлдөрү президент Путиндин сунушуна каршы нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Белгилүү болгондой, Беслан окуяларынан кийин Путин губернаторлорду тикелей шайлоону жокко чыгарып, аларды дайындоо сунушун айткан эле. Бул реформанын долбоорун эртең орус Парламенти – Мамдума – карайт. Андыктан нааразылык акциясы эртең Москвада өтүшү күтүлүүдө.
Бул жолу пикеттер менен митингдерди “Яблоко”, оңчулдардын СПС жана Коммунисттер партиясы менен “Комитет-2008” аталышындагы оппозициялык партиялар жана кыймылдар өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG