Ал бул жолу өзүнө тагылып жаткан айыптарды укту. Эми сот жыйыны 4-ноябрда өтмөкчү.
Азырынча Баширди “ал-Каида” уюму менен тыгыз байланыштагы жергиликтүү террор уюмун жетектейт деп айыптап жатышат.
Айыптоочулардын ишениминде, өткөн жылы Жакарта шаарындагы “Мариотт” мейманканасында болгон жардыруу Баширдин буйругу менен аткарылган. Анда 12 адам өлгөн болчу.
Бул эле эмес, Абу Бакр Башир Бали аралындагы террор актысына да катыштыгы бар деп шектелип жатат. 2002-жылы Балидеги теракттан эки жүздөн ашуун адам набыт болгон.
Негизи Баширге буга чейин иммиграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн айып тагылып, ал 18 ай бою түрмөдө жатып чыкты. Бирок камактан бошошу менен ага жаңы айыптар тагылды.