ОШ. Жапониянын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү мырза Ватанаби Сю Су Кэ Оштогу алгачкы иш сапарын түштүктөгү ири билим берүү мекемеси болуп саналган Ош мамлкеттик университети менен таанышуудан баштады. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы технологиялар багытында кызматташуу маселелери көтөрүлдү. Жапон өкмөтүнүн ишенимдүү өкүлү мырза Ватанаби Сю Су Кэ ОшМУга баасы 8 жарым миң АКШ долларын түзгөн китептердин сертификатын тапшырды. Андан соң жапон өкүлүнүн иш сапары Ош облустук мамлекеттик администрациясында улантылып, экономикалык багытта кызматташуунун маселелери талкууланды.