Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Бармакка белги коюуга каршы уюмдар жыйын курушту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан элдеринин ассамблеясында добуш берүүдө шайлоочулардын сол колунун баш бармагына белги коюу жөнүндөгү мыйзамды талкуулаган «Тегерек стол» жыйыны болду. Ага ар кандай багыттагы бейөкмөт жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, президентке жана жалпы өлкө элине кайрылуу кабыл алышты. Анда белги коюу адамдын беделин түшүрүп, басмырлоого жол берет жана атуулдардын өз көз караш, ишенимин жоготот деп айтылып, Шайлоо кодексине белги коюу жобосун алып таштаган өзгөртүүнү тезинен киргизүүнү сунушташты. Жыйынды өткөрүүгө демилгечи болгон бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, бир катар коомдук уюмдар белги коюуга каршы болгон атуулдардын колун чогулта баштады.

XS
SM
MD
LG