Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Кыргыз-орус парламентарийлери жыйын курду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны менен Орусиянын Федералдык кеңешинин палаталар аралык эки тараптуу комиссиясынын бешинчи жыйыны болду. Анда Орусиянын «Евразия транс» компаниясына кирген топтордун «Дастан» акционердик коомунун мамлекетке тиешелүү 36 пайыздык акциясын алууга көмөктөшүү өтүнүчү каралды. Андан тышкары Кыргызстандын Орусияда эмгектенип жүргөн жарандарынын маселеси талкууланды. Кыргыз тарап анда эмгек миграциясы жөнүндө 1996-жылы кабылданган макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу өткөн жылы кол коюлган протоколду Орусиянын парламенти тезинен ратификациялоосун өтүндү. Палаталар аралык комиссиянын теңтөрагасы Олег Панталеев Орусиянын парламентинин аны ратификациялоосуна аракет кылаарын билдирди.
Кыргыз депутаттары андан тышкары Орусияда жүргөн кыргыз жарандарына жеңилдик берүү үчүн алардын ошол жердеги топторунун лидерлерине консул деген статус берүүнү сунуш кылышты. Ал эми Каржы министри Болот Абилдаев протоколдо белгиленгендей миграция боюнча агенттик түзүүгө каражат жок экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG