БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын мамлекеттик бюджети жөнүндөгү мыйзамды биринчи окууда кабыл алды. Ага ылайык эмдиги жылдын мамлекеттик бюджетинин көлөмү 18 миллиард 363 миллион сом же ички дүң продукциянын 18,2 процентин түзө турган болду. Ал эми ички дүң продукциянын көлөмү 100 миллиард 800 миллион сом деп белгиленген. Бюджеттин киреше бөлүгү 15 миллиард 670 миллион сом, чыгаша бөлүгү 16 миллиард 473 миллион сом деп белгиленди. Ал эми бюджеттин таңсыктыгы 502 миллион сом болуп, аны 233 миллион сомго чейин кыскартуу карала турган болду. Каржы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсү боюнча, 2005-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 5 пайызды, инфляциянын деңгээли 4 пайызды түзөөрү болжолдонууда. Палата бюджет долбоору боюнча депутаттардын берген сунуштарынын негизинде өзүнчө токтом кабыл алып, аны өкмөткө жолдоду.