БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев Кыргызстандагы АКШнын ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен жолугушту. Жолугушууда Стивенг Янг келерки жылы Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоого жана бир палаталуу Жогорку Кеңештин келечегине байланыштуу суроолорго төрагадан жооп алды. Шайлоо Кодексине толуктоолорду киргизүү боюнча 22-октябрда президент тарабынан кол коюлган мыйзам тууралуу пикир алышуу болду.
Алтай Бөрбаевдин билдиргенине караганда, “депутаттарды жана президентти шайлоо учурунда бармакка белги койуу мыйзам бузууларга чек коет”. Ал эми Стивенг Янгдын пикиринде “шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, коомдо демократиянын принциптерин далилдеген кадам болду”. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынын басма сөз кызматынан билдиришти.