Казак коопсуздук кызматынын өкүлү Нурлан Таскымбаев өткөн айда Чимкентте Одилхан Муминов аттуу адам кармалганын, аны өзбек бийликтери көптөн бери издеп, таппай жүргөнүн, ал кечээ Ташкенге өткөрүлүп берилгенин билдирди. Муминовду Ташкен бийликтери өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөсү деп эсептешет. Быйылкы жылдагы террордук балааматтарды өкмөт ислам активисттеринен көрүшөт.